18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз


БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин

Жери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети ЭУ).



Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп жүрөт. Фестивалдын максаты балдарды жана жаштарды, ата-энелерди, элди шаардын билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу жана жогорку класстын окуучуларына алдын ала кесип тандоодо багыт берүү, балдарда билимге жана чыгармачылыкка карата балдардын кызыкчылыгын арттыруу, санариптик сабаттуулукту жана критикалык ой жүгүртүү көнүмдөрүнө үйрөтүү.

 

Жыл сайын фестивалдын тематикасы өзгөрүп турат, 2020-жылы 8-чи Билим берүү фестивалы “Санариптик сабаттуулук” темасына арналат, жана Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында өтөт. 

Теманын актуалдуулугун жана узак мөөнөттүү натыйжаларга жетишүүгө болгон анын багытын, Фестивалдын форматы бул жылы өзгөртүлгөн: биринчи күндүн ордуна – борбордун бир ЖОЖуна баруу, 2020-жылдын январынан апрелине чейинки мезгилде фестивалдын алдындагы иш чаралар Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыгында өткөрүлөт.

8-чи БФнын уюштуруучулары болуп мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдардын колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргызстан эл аралык университети менен биргеликте болууда.


Маалымат үчүнБилим берүү фестивалы – бул балдар, жаштар жана жарандар үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү Фестиваль, ал 2013-жылдан тартып салттуу түрдө Бишкекте өтүүдө.

 

Билим берүү фестивалы 2014-жылдан тартып тематикалык болуп өткөрүлүүдө, жана алгачкы күнү өлкөнүн ЖОЖдорунун биринин базасында өткөрүлгөн (2014-жылы – Раззаков ат. КГТУ, 2015-жылы – Скрябин ат. КНАУ, 2016-жылы - им. Ахунбаев ат.КГМА, 2017-жылы - КГАФКиС, 2018-жылы - К.Карасаев ат. БГУ, 2019 - АУЦА), экинчи күнү – Бишкек шаарынын борборундагы көпчүлүк аянттарында.


2016-жылы Билим берүү фестивалы Борбор Азиядагы эң мыкты билим берүү иш-чара болуп табылган жана "EventAwardsCentralAsia" Борбор-Азиялык премиясы менен белгиленген. Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдүн 84 иш чараларынын арасынан "GlobalEventAwards" (4-декабры, Москва ш.) ааламдык премиясынын сыйлоо аземинде “Мыкты балдар иш-чарасы” категориясында 3-орунга ээ болду.


2019-жылы “Кыргызстандык санариптик мууну” темасындагы 7-чи Билим берүү фестивалы алгачкы күнү 13-апрелде) – Борбор Азиянын Америкалык Университетинде Центральной Азии (АУЦА), экинчи күнү (4-майда) – Бишкек шаарынын башкы сахнасы Курманжан Датка эстелиги болгон борбордук бөлүгүндөгү 16 аянтчасында уюштурулган.

 

Эки күндүн ичинде шаардын 27 000 ашуун тургундары жана меймандары Фестивалдын көптөгөн иш-чараларына катышып, келип көрүп кетишти.

 

Ошентип, Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышуу Сизге өз кызматтарыңызды жана продукцияңызды кенен чогулган элге тартуулоого, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүүгө жана келген меймандарга Сиздин ишмердүүлүгүңүз тууралуу маалымат берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктү түзөт. Жарманкеге жыл сайын 100 ашуун уюмдар катышат.  

 

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАРБилим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышуу үчүн тапшырыктар 2020-жылдын 20-мартында саат 18-00гө чейин (жума) кабыл алынат.

 

Сиздин уюмду 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге каттоо үчүн шилтеме аркылуу >>> түз каттоодон өтүү абзел.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (0312) 660 368 же 0557 290 207 (Айжан)

 

 Сизди 8-чи Билим Берүү Фестивалында күтөбүз!

 

Кыргызстандагы жылдын эң ири билим берүү платформасына катышуу жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн колуңуздан кетирбеңиз!



Билим берүү фестивалына катышуу шарттары -2020 >>>

Билим берүү фестивалынын катышуучусунун анкетасы  - 2020 >>>

Билим берүү фестивалы тууралуу маалымат  >>>

2019-ж. 7-чи Билим Берүү Фестивалынын видеороликтерин ушул шилтеме аркылуу >>> кирип көрсөңүз болот 

Акыркы жаңылыктар

27.02.2020

«Күттүргөн жаз» поэзия кечеси аншлаг менен өттү

21-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониянын Кичи залында «Күттүргөн жаз» аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече акындар Бактыгүл Курманалиеванын, Айсалкын Сыдыкбекованын жана Турдубек Токтосуновдун чыгармачылыгына арналды. «Күттүргөн жаз» поэзия кечеси сахнанын улуттук колориттеги жасалагасы менен өзгөчөлөнүп, аны акын Алтынбек Исмаилов алып барды. Иш-чаранын башында авторлор А.Сыдыкбекова Т.Токтосунов Б.Курманалиева жаз ...
25.02.2020

Кадамжайдагы мектептерде балдардын тамак ашына сатып алуу боюнча салыштыруу жана сурамжылоо жүргүзүлдү

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2014-жылдан бери БУУ бүткүл Дүйнөлүк Азык Түлүк Программасынын “Кыргыз Республикасында башталгыч мектептерге тамак-аш программасын оптималдаштыруу” программасынын алкагында иш алып барып келет. 24-февралда Фонддун эксперттери Кадам Жай районундагы (Баткен облусу) мектептердин тамак ашына сатып алуу процессин карап чыгып, өз алдынча сатып алуу жүргүзүп жаткан мектептердин ишмердигине ...
25.02.2020

Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк

16-февралдан 18-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада, шилтеме боюнча: https://roza.kg/ 19-февралда делегация Кучукчекмедже Муниципалитетиндеги “Папатия” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе ...
21.02.2020

КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке ...
19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»